ИИМ: Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бир нече тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

Окуялар тизмеги 16 Сен 2021 12:04
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө КЖБРге катталган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 309-беренесинде (Бийликти күч менен басып алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча материал иликтенип жатат.
2021-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык –процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык бул кылмышты жасоого шектүү катары К.А. кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
2021-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык жогорудагы кылмышты жасоого шектүү катары А.С. дагы кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Андан сырткары, сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда күбө катары бир нече Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы жана азыркы депутаттары, мурда иштеп кеткен мамлекеттик кызматчылар суракка алынган.
Бүгүнкү күндө бул сотко чейинки өндүрүш боюнча дагы бир катар тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.