ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери батирден кымбат баалуу буюмдарды уурдоого жол беришкен жок

Окуялар тизмеги 13 Сен 2021 20:25
0 ой-пикир


2021-жылдын сентябрь айынын 12де саат 20:39 убактысында Борбордук көзөмөл түйүнүнө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек ш. Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн карамагында кайтаруусунда турган, К.Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде жайгашкан үйдөн коогалаң белгиси түшкөн. Маалыматты алаар замат Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн №353 кармоо тобунун экипажы, взвод командири милициянын капитаны Нурбек Муканов, экипаж улугу милициянын прапорщиги Кубанычбек Токтобек уулу жана милиционер-айдоочу милициянын ага сержанты Артур Чоюунбек уулу саат 20:43 убактысы менен жогоруда көрсөтүлгөн дарекке жетип барып, үйүнүн короосуна киргенде, короонун ичинен качканга аракет кылып жаткан жашы 25-30 чамасындагы азият улутундагы жаранды көрүп, дароо кармаганга чуркашкан. Экипаждын кызматкерлери бири-бирине белги берип кылмышка шектүүнү курчап, кармап алышкан. Бөлүмдүн нөөмөткери тарабынан үйдүн ээси чакыртылып жана 102 кызматына телефон чалынды. Окуя болгон жерге Биринчи май РИИБнин тергөө тобу чакыртылып текшерүү учурунда 25000 (жыйырма беш миң) сом турган ноутбук, 4000 (төрт миң) сом турган кол саат, 3500 (үч миң) сомдон турган чынжырча уурдап чыкканы далилденген жана ошондой эле кылмышка шектүүнүн чөнтөгүнөн мык сууругуч бар болуп чыккан. Маалыматтарды тактоо иштери жүргүзүлгөндөн соң, уурдоо фактысы менен кармалып, Биринчи май РИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.