Кемин районунда мал уурулугуна шектүүлөр кармалышты

Окуялар тизмеги 07 Сен 2021 18:00
0 ой-пикир


Чүй облусунун ИИББнын жана Кемин РИИБдүн криминалдык милиция
кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын
натыйжасында Кемин районунун аймагында бодо малдарды ууроого шектелип
төрт жаран кармалды.
2020-жылы Кемин районунун аймагынан бодо малдарын белгисиз бирөөлөр
уурдап кетикени тууралуу жергиликтүү тургундар Кемин РИИБнө арыз менен
кайрылышкан. Аталган фактылар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү
реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо)
боюнча катталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралрынын
натыйжасында жогорудагы мал уурулукка шектелишип, 1988-жылы туулган
С.Ж., О.Т., 1987-жылы туулган З.Э. жана 2001-жылы туулган С.Э. аттулар
кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.
Териштирүү учурунда, кылмышка шектүүлөр сарайлардан малдарды уурдашып,
Чүй облусундагы мал базарлардын бирине сатып жибергени маалым болгон.
Учурда кармалган жарандардын Кемин районунун аймагында 10 кылмыш ишине
тиешеси бар экендиги аныкталган.
Шектүү жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок
экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.