Кыргызстандын футбол курамасы бүгүн Палестина менен ойнойт

Окуялар тизмеги 02 Сен 2021 11:47
0 ой-пикир

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын футбол курамасы Үч улуттун кубогу мелдешинин алкагында Палестина менен ойнойт.

Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Оюн саат 20:30да башталат.

Үч улуттун кубогу мелдешине Кыргызстан, Палестина жана Бангладештин курамалары катышууда.

Алдыда 5-сентябрда Палестина менен Бангладеш жана 7-сентябрда Кыргызстан менен Бангладеш ойнойт.

Аталган мелдеш Кыргызстандын курамасынын 2023-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандоо оюндарына даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, Азия Кубогу 2023-жылы Кытайда 16-июндан 16-июлга чейин болуп өтөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.