Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Бишкектин мэри, ал эми анын ордуна Алмаз Мамбетов барат

Окуялар тизмеги 01 Авг 2021 16:15
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын мэрлик кызматына Ош шаарынын учурдагы мэри Таалайбек Сарыбашев келиши мүмкүн. Ал эми Ош шаарынын мэрлигине президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Мамбетов барат.

Бул тууралуу айрым ЖМКларга ишенимдүү булактарга таянып жазышты.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев менен байланышканда, азырынча Ош шаарында экенин, «айтылып жаткан сөздөр тууралуу эртең, дүйшөмбү күнү белгилүү боло турганын» айтты.

Бишкек менен Ош шаарынын мэрлерин шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Ош шаардык кеңеши биринчи сессиясына чогула элек. Бишкек шаардык кеңеши биринчи сессиясын өткөрүп, төрага кылып Куванычбек Конгантиевди шайлады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.