Айпери Медет кызы Олимпиадада жарым финалга чыкты

Окуялар тизмеги 01 Авг 2021 16:25
0 ой-пикир

 Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Олимпиада мелдешинин чейрек финалында россиялык Наталья Воробьеваны утуп, жарым финалга чыкты.

76 килограмм салмак категориясында ат салышып жаткан Медет кызы чейрек финалда олимпиада чемпионун 12:0 эсебинде утту.

Буга чейин 6:1 эсебинде казакстандык каршылашын жеңген.

Жарым финалда Медет кызы америкалык Аделина Мария Грей менен беттешет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.