Малика Дина атасы менен жолугуп, ак калпак кийгизди, — видео

Окуялар тизмеги 31 Июл 2021 12:53
0 ой-пикир

Ырчы Малика Дина атасы Абдумалик Шерматовго жолугуп, бир туугандары менен жакындан таанышты. Ата, кыздын жолугушуусун баяндаган видеону Абдумалик Шерматов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Андан Малика Дина атасынын үйүнө барганын, бир туугандары менен жакындан таанышканын көрүүгө болот. Ошондой эле Абдумалик Шерматовдун 21 жаштагы кызы Айдананын (жакында эле каза болгон) көрүстөнүнө барып, куран багыштаганы көрсөтүлөт.

Абдумалик Шерматов кубанычы ичине батпай жатканын, ал сезип жаткан бактылуулукту башкалар дагы сезүүсүн билдирет. Айтымында, ушул жылдар аралыгында жубайы, балдары, кыздары «Малика качан келет?» деп күтүп жүрүшкөн. «

Кызым, келгениңе рахмат. Биздин тилегибиз аткарылды. Демек, биздин ниет ак болгон экен», — дейт Шерматов.

Ал эми Малика Дина Инстаграмдагы баракчасы аркылуу окурмандардын суроолоруна жооп берип жатып, атасы менен 11 жылдан кийин жолугушуп жатканын айткан.

Социалдык тармакта колдонуучулар Малика Динага ар кандай сын-пикирлерди жазып жатышкан.

Эске салсак, Малика жакында эле атасы туулган жерге да барган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.