Гүлбурак айым кайра эски үйүнө көчүп барды, — видео

Окуялар тизмеги 31 Июл 2021 11:53
0 ой-пикир

Садыр Жапаровдун тарапташы Бекзат Өмүрбеков Гүлбурак айым кайра эски үйүнө көчүп барганын, «Ансар» компаниясы ал үйдү карызга бергенин, акчасын төлөй албай үйдү тапшырганын айтып чыкты.

Бекзат Өмүрбеков блогер Азирет Осмонов мурда президенттикке талапкер Бактыбек Калмаматовго иштеп жүргөнүн, азыр Садыр Жапаровго көө жапкысы келип жатат деп кошумчалады:

«Үйдү Садыр Жапаров алып берди деп, эми көчөдө калды деп көө жапкысы келген, бул анын тактикасы. Бул таптакыр туура эмес иш.»-дейт Өмүрбеков.

Эске салсак, Гүлбурак айым TikTok аркылуу президент Садыр Жапаровду активдүү колдоп келгендердин бири.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.