Абдишүкүр Нарматов Баткендеги жабыркагандарга жардам берүү демилгесин көтөрүп “Насаат.кж” агартуу порталы аркылуу мусулман журтуна кайрылуу жасаган

Окуялар тизмеги 31 Июл 2021 11:20
0 ой-пикир

Баткен чек арасындагы каргашалуу окуядан кийин Абдишүкүр Нарматов жабыркагандарга жардам берүү демилгесин көтөрүп “Насаат.кж” агартуу порталы аркылуу мусулман журтуна кайрылуу жасаган эле. Элинин келечегине кайдыгер карабаган колу ачык азаматтар ошол эле күнү жардам колун суна баштаган. Натыйжада, чогулган каражатка каргашалуу окуяда үй кожоюнунан айрылып калган эки үй-бүлөгө үй салына баштаган болчу. Жакшылыктын кечи болбойт, мына эми ошол үйлөр курулуп бүтөр алдында турат. Жакын арада башка салынып жаткан үйлөрдү тапшырган кезде, биз да бул үйлөрдү ээлерине тапшырылат.

«Берген акчабыз бепайда кеттиби деп кыжаалат болбошуңуздар үчүн ушул маалыматты жеткирип коюуну эп көрдүк. Сиздердин жакшылыкка садага кылган ар бир тыйыныңыздар текке кеткен жок. Ушул салынган үйлөр пайдаланууга жараксыз болуп калганга чейин анда жашагандардын ар бир жакышылык ишине сиздер да шериктеш болосуздар. Аллах Кааласа, берген кайыр-садагаңыздардын жакшылык, берекесин бул дүйнөдө да, акыретте да эселеп көрөсүздөр.»-деп айтылат билдирүүдө.

Абдишүкүр Нарматов “Насаат.кж” агартуу порталы аркылуу салым кошкондорго ыраазычылык билдирген:

«Башына иш түшкөн бир туугандарыбыздын тагдырына кайдыгер карабай колунан келген жардамын берген бир туугандарыбызга жана демилгени көтөрүп чыгып, жакшылыкка себепкер болгон Абдишүкүр устазыбызга дагы бир жолу терең ыраазылык билдирип, иштерине ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт жана берекелүү жашоо каалайбыз. Аллах Таала баарыңыздардын жашооңуздарга береке берип, эл-журтубузду балээ-кырсыктардан алыс кылсын.»

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.