Тарых сабактары. Парламенттик каникулдар тууралуу

Аналитика, Окуялар тизмеги 27 Июл 2021 14:59
0 ой-пикир

Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн

2021-жылдын 1-июлунда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы каникулга кетти, бирок республиканын жаңы Конституциясына мыйзамдарды ылайык келтирүү үчүн ишин улантууда. Буга байланыштуу компетенттүү түшүндүрүүнү талап кылган бир нече суроолор пайда болууда. Тактап айтканда, парламенттик каникул деген эмне жана анын мааниси эмнеде?

Учурда каникул дегенди окуудан же негизги иштен эс алган, бош убакытты түшүнүшөт. Мектеп окуучулары жана студенттер үчүн каникул, парламенттик каникул ж.б. болот. Ар бир кызматкерге белгилүү бир убакка берилчү эмгек өргүүсүнөн айырмаланып, каникул бардык тиешелүү контингентке бир убакта берилген (окуучуларга, студенттерге, парламент мүчөлөрүнө ж.б.) эс алуу.

Каникулдардын келип чыгуусу байыркы доор менен байланыштуу. Байыркы Римде жайдын ысык аптабы таңкы Сириустун көрүнүүсү менен коштолгон маалды Canicula («кичинекей ит») же «dies caniculares» — «ит күндөр» (22-июлдан 23-августка чейин) деп аташчу жана ал убак жайкы өргүү маалы болуп саналчу, каникул деген сөз дал ушул жактан келип чыккан.

Ошондой эле Испан тилинде «canícula» (каникула) деген сөз бар жана ал “жайдын аптабы” деп которулат дагы июлдун ортосу менен август айына туура келип, эс алуу маалынан кабар берет. Дал ушуга окшош эле сөз француз тилинде да бар(la canicule). Англис тилинде «dog days» («ит күндөр») деген түшүнүк бар.

Парламенттик каникулдар бул парламенттик сессия арасында депутаттар тарабынан эс алууга жана өз округдарында шайлоочулар менен иштөөгө колдонулуучу убакыт. Бул маалда парламенттик сессиянын, комитеттердин жана комиссиялардын иши токтойт. Каникул болсо эс алуу үчүн гана эмес, шайлоочулар менен жолугушууга жана жергиликтүү бийлик органдары менен иштешүүгө ж.б. бөлүнгөн убакыт.

Парламенттик каникулдар жылына 2-3 жолу болот жана эки жумадан тарта бир жарым айга чейин созулат. Айрым өлкөлөрдө мамлекет башчысы парламенттин ишиндеги тыныгуу тууралуу атайын акт чыгарат (мисалы, Улуу Британияда мөөнөттү аныктоо тууралуу акт) же парламент өзү каникул тууралуу чечим кабыл алат.

Көптөгөн өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын конституциялык мыйзамы каникулдун үзгүлтүккө учурашына жана керек болсо парламенттин чукул сессияларын чакырууга жол берет. Конституцияга ылайык, Кыргызстанда парламент 1-сентябрдан 30-июнга чейин иштейт. Бул аралыкта депутаттар эки айда бир жолу бир жумалык мөөнөткө же зарыл болгон убакытка шайлоочулар менен иштөөгө кетсе болот.

Бирок парламенттик каникулдардын көпчүлүк үчүн, анын ичинде депутаттардын өздөрү үчүн дагы билинбеген, көрүнбөгөн тараптары бар. Парламент дайыма

иштейт жана аткаруу бийлигинин ишин көзөмөлдөйт. Сессия учурунда депутаттар бардык маселелерди көтөрүп, мыйзамдарды, токтомдорду кабыл алып, кайрылууларга жооп беришет, парламентке өкмөт мүчөлөрүн жана башка кызмат адамдарын чакырып иштешет, маалымат жыйындарын беришет, шалаакы кызмат адамдарына импичмент жарыялайт ж.б.

Парламенттик каникул убагында өкмөттү көзөмөлдөө солгундап калат жана ал ушул убактан пайдаланып калууга аракет кылышат. Ошондуктан депутаттар эс алып жаткан же шайлоочулар менен жолугушуп жаткан учурда министрликтер жана ведомстволор эки, үч эсе көп, ал эми кризис маалында, он эсе көп энергия менен иштешет. Мисалы, экинчи дүйнөлүк согуш маалында У.Черчилль премьер болгон маалда Британиянын парламенти бир дагы жолу каникулга чыккан эмес жана Германиянын бомбалоосуна жана аткылоосуна жан аябастык менен туруштук беришкен. Ал эми 1929-жылы америкалык өкмөт президент Ф.Рузвельт менен жана АКШнын 2 палаталуу конгресси менен бирге 100 күндө кризиске каршы мыйзамдарды кабыл алып, өлкөнү экономикалык кризистен чыгаруу үчүн керектүү чараларды көрүшкөн. Бирок бул депутаттардын сапаты жогоркуб олуш керек дегенди билдирет.

Демек, аткаруу бийлигин көзөмөлдөн чыгарып албоо үчүн парламент кандай режимде иштеши керектиги жана ишинде канча жолу тыныгуу алуусу керектиги маанилүү. Бирок өзү көзөмөлдө турган парламентте жогоруда айтылгандар мааниге деле ээ эмес.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.