Ошто добуш сатып алууга аракет кылгандар кармалды

Окуялар тизмеги 07 Июл 2021 14:46
0 ой-пикир

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-июлда, саат 11:37лер чамасында милицияга «шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» болуп жаткандыгы маалымат келип түшкөн.

Аталган маалыматты текшерүү учурунда Ош шаарынын Жумабаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аталган ишке шектүү делип Ош шаарынын үч тургуну кармалган. Алардын биринин жанынан 115 миӊ сом акча жана ошол аймакта жашаган шайлоочулардын тизмеси чыккан.

Тергөө кызматына алынып келинген жарандар келе жаткан шаардык кеңешке кайра шайлоого катышып жаткан бир партиянын тарапташтары болушкан.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 192-беренесинин белгилерине ылайык сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.