Автоунаалардын тетиктерин уурдап жүрүшкөн шектүүлөр кармалды

Окуялар тизмеги 24 Июн 2021 14:05
0 ой-пикир

Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматкерлери шаар аймагында токтотуп коюлган автоунаалардын тетиктерин уурдап жүрүшкөн шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 12-июнунан 14-июнуна чейинки аралыкта Жалал-Абад шаарынан “Хонда Фит” үлгүсүндөгү 2 автоунаанын тетиктерин (спойлер жана подкрылниктер) чыгарып уурдап кетишкен.

Аталган уурулук боюнча Жалал-Абад шаарынын Б.Б. жана Э.Т.аттуу тургундары арыз менен кайрылып, аларга 32 миң сомдон ашуун материалдык зыян келтиргендигин билдиришип, белгисиз адамдарга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранышкан.

Бул уурулук боюнча материал Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне катталып, КР Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмү (Уурулук) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө кызматы тарабынан берилген тергөө тапшырманын негизинде, Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада Сузак районунун тургундары 1999-жылы туулган Н.И. жана 2001-жылы туулган А.А. экендиги такталып, тергөөгө камсыздалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр үй камагына чыгарылган, учурда алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча текшерүү иштери жана сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.