Депутаттын мурда соттолгону тууралуу маалымат жарыяланды

Окуялар тизмеги 14 Июн 2021 13:49
0 ой-пикир

Интернет желесинде Жогорку Кеңештин жыйынында «Хуйман» деп шылдың болгон депутат Өмүрбек Бакировдун мурда соттолгондугун көрсөткөн маалымат таркап жатат.

Баракчада Оштун мурдагы мэри Айтмамат Кадыбаев, Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдор менен биргеликте ИИМ тарабынан издөөгө алынгандыгы жазылган. Анда мезгили так көрсөтүлбөсө да, бул 2010-жылы төңкөрүш учурунда экендиги айтылып жатат. 

Себеби, буга чейин Айтмамат Кадырбаевдин төңкөрүш учурунда «Губернатордун кабинетин ээлеп алгандыгы үчүн» издөөгө алынгандыгы тууралуу ММКлар жазып чыккан болчу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.