Бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматовдун мүлкүнүн сүрөттөрү жарыяланды

Окуялар тизмеги 11 Июн 2021 18:13
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалган Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматовдун мүлкүнүн сүрөттөрүн жарыялады.

Белгилей кетсек, Айтмаматов бүгүн УКМК тарабынан кармалган.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы системасындагы коррупция иштерине байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, мыйзамсыз баюу фактысы боюнча КР ЭФМ алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Н. Айтмаматов аныкталды.

Чогултулган материалдардын негизинде, КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси (Мыйзамсыз баюу) каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Такталгандай, Н. Айтмаматов өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-Батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды, Товарлардын «жалган транзитт» ж.б. уюштуруп, натыйжада олуттуу көмүскө киреше алып турган.

Айтмаматов пайда көрүү үчүн мыйзамсыз алынган материалдык көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алуу менен, атап айтканда болжол менен 4,5 миллион АКШ долларына бааланган 30дан ашык элиталык батирлер, 1 млн АКШ долларга бааланган 10дон ашык унаа каражаттарын мыйзамдаштырылган.

Ошол эле учурда көмүскө кирешенин бир бөлүгү «К.С.И.» жана «Р.К.» курулуш компания аркылуу мыйзамдаштырып, бирок негизги акциялары Н. Айтмаматовго таандык болгон.

2021-жылдын 10-июнунда Н. Айтмаматов КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси негизинде кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.