Баткенден буга чейин 100 бала эс алганы кеткен.
КР Министрлер Кабинетинин колдоосу менен, Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагында болуп өткөн куралдуу жаңжалда жабыркаган үй- бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Чек ара аймактарынан чогулган 100 бала жана 15 мугалим, бүгүн 5-июнда Ош аэропорту аркылуу учушкан. Белгилей кетсек буга чейин да Баткен облусунан биринчи этапта 146 бала, экинчи этапта 70 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлгөн.