Чек арадагы абал оор

Окуялар тизмеги 04 Июн 2021 09:38
0 ой-пикир

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак жергесинде саат 06:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал оор бойдон калууда. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгилей кетүүчү жагдай, тажик тарап мамлекеттик чек аранын аталган жердеги такталбаган тилкесине контейнер коюшуп, андан 600 метр алыстап кетишкен.

Жерине УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев кеткени кабарланды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.