Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери балдардын Эл аралык коргоо күнүнө карата видео куттуктоо жолдошту

Окуялар тизмеги 01 Июн 2021 11:59
0 ой-пикир

Видео куттуктоонун негизги максаты – бул балдарыбызды 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү жана жайкы каникулдун башталышы, алдыда турган көңүлдүү оюндар, жаңы ачылыштар жана таасирлер менен гана куттуктап калбастан, алардын келечеги жана жаркын турмушу үчүн ар бир жарандын жоопкерчилигин эскертүү болуп саналат.

Эң чоң бакыт — бактылуу балалык!!! — YouTube


Балалык — ар бир адамдын жашоосундагы өзгөчө мезгил. Себеби, ушул куракта анын инсандык касиети калыптанат, ден-соолуктун өзөгү түптөлөт. Өлкөдө үй-бүлөнү жана балдарды колдоо, жогорку сапаттагы жана жеткиликтүү билим берүүнү, ошондой эле саламаттыкты сактоону өнүктүрүү маселелери биринчи кезектеги милдеттердин бири бойдон калууда. Демек, ар бирибиз, баладардын эң маанилүү укугун — татыктуу жана бактылуу балалыгын камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерибизди көрүүгө тийишпиз.
Майрам күнү — ар бир балдарыбыздын жүзүндө жылмаюу жаркырап, көздөрүндө кубаныч жана шаттык жаркырап турсун!

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.