Мадинанын жаркын элесине арналган китеп жарыкка чыкты

Окуялар тизмеги 31 Май 2021 17:01
0 ой-пикир

 Чек ара чырынын курмандыгы болгон кичинекей Мадинанын жаркын элесине арналып китеп жарыкка чыкты. Шабиевдин айтымында, мындан ары согуш болбосун деген тилек менен аталган китеп жазылган.

“Китебим балдардын согушка болгон көз карашы, ой-пикирлери жөнүндө жазылган. Анын башкы каармандары мектептин 3-4-класстын окуучулары болуп саналат. Китептин эки каарманы аскерлер атып жатканда октун, жарылган гранатанын ордуна гүл болуп калса деп кыялданганы тартууланган. Ошондой эле 1945-жылы Япониянын Нагасаки жана Хиросима шаарына ташталган атомдук бомбанын ордуна асмандан гүл жаап жатса, кандай гана сонун экендигин айтышат. Чыгарма менен балдардын аруу тилек, жакшы ойлорун бергим келди. Жакында эле чек арадагы окуядан кийин 12 жаштагы Мадина Рахматжанова кайтыш болуп калды. Чыгармамды Мадинанын жаркын элесине арнадым”, — деди китептин автору.

Маркум Мадина Рахматжанова

Шабиев “Керемет жамгыр” китеби 1 миң нускада жана кыргыз, орус тилде чыкканын айтат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.