Мындай чечим эл каттоонун жыйынтыгы калк тез карып баратканын көрсөткөндөн кийин кабыл алынды.
«Синхуа» мамлекеттик агенттиги билдиргендей, бул чечим 31-майда өлкө лидери Си Цзинпиндин төрагалагы алдында өткөн Саясий бюронун жыйынында жактырылды. Ал качан күчүнө кирери азырынча белгисиз.
Дээрлик 40 жылга чукул Кытай «бир үй-бүлөгө бир бала» деген саясат жүргүзүп, аны 2016-жылы жокко чыгарган. Буга жумушчу күчтүн карып баратканы жана экономикалык стагнациялар боюнча тынчсыздануулар күч алганы түрткү болгон.
Сүрөт интернеттен алынды