Кыргызпатент 2021-жылдын 4-июнунда саат 10.00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде “Биздин балалыктын асманы” аталышындагы альбом-каталогдун бетачарына чакырат.
Альбом-каталогго Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун Жаштар бирикмеси менен биргелешип уюштурулган “Биздин балалыктын асманы” аталышындагы онлайн-көргөзмөгө келип түшкөн жаш сүрөтчүлөрдүн мыкты иштери киргизилди.
Иш-чаранын алкагында онлайн-көргөзмөгө катышкан сүрөттөрдүн көргөзмөсү, “Живопись”, “Скульптура” жана “Сайма саюу” боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.
Кирүү акысыз. Беткап тагынууну унутпаңыздар!
Байланыш номерлери: 996 (312) 68 04 71, 996 (312) 68 07 90, 996 (550) 77 81 85, 996 (709) 60 68 68
—