Жалал-Абад облусунда жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөр көмөкчү мектебине материалдык колдоо көрсөтүштү

Окуялар тизмеги 26 Май 2021 10:29
0 ой-пикир

Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, 1-июнь-Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан айылында жайгашкан Ж. Ниязов атындагы көмөкчү мектебине барышып аталган бөлүмдүн атынан материалдык колдоо көрсөтүп келишти.
Бул мектепте кол эмгек сабагына көбүрөөк көңүл бурулгандыктан, кызматкерлер балдардын колунан жасалган ар түрлүү буюмдар, окууда жана спортто жетишкен ийгиликтери менен таанышышты. Ошондой эле быйылкы бул мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрү менен маек курушуп, аларга өздөрүнүн жылуу каалоо-тилектерин айтып кайтышты.

Жалал-Абад ОИИБи боюнча ЖКККБнын Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.