Кыргызстан Тажикстан менен чек арасында убактылуу чектөөлөрдү киргизди

Окуялар тизмеги 25 Май 2021 08:31
0 ой-пикир

Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

«КР министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы чечимине ылайык, Тажикстандын жарандарына Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө/чыгуусуна, жүрүүсүнө жана транзит менен өтүүгө убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Андан тышкары, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Кулунду», «Кайрагач», «Кызыл-Бел», «Бордобо» жана «Карамык» бекеттери аркылуу жүк ташууга да чектөөлөр киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Убактылуу чектөөлөрдүн айрым жагдайларга тиешеси жок;

  • Кыргызстан менен Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
  • чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери, эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мчөлөрү, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын расмий адамдары (тиешелүү органдар менен алдын ала макулдашылгандан кийин гана);

УКМКнын Чек ара кызматынан кошумчалашкандай, Тажикстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары же болбосо, Кыргызстандын аймагында жүргөн Тажикстандын жарандары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара бекети аркылуу өтүп кете алышат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.