Кыргызстанда биринчи жолу райондордун акимдерин массалык түрдө ротация кылышты. Президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Президенттин «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгына ылайык, мамлекеттик жаңы кадр саясатынын негизги милдети мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жеткиликтүүлүктү акыйкат камсыз кылуу, дискриминацияга жол бербөө жана мамлекеттик кесипкөй аппаратты түзүү болуп саналат.
Саясатчы Денис Бердаков акимдерди ротациялоо инфраструктуралык жана башкаруучулук сепаратизмден арылтуучу эң мыкты дары деп эсептейт.
«Бул көптөгөн жылдар бою создуктурулуп келе жаткан алгылыктуу иш. Биз кесипкөй башкаруучуларды ротация кылбастан эле аймактардын бири-бири менен байланышта экенин айтып келебиз. Алар же коррупцияга батышкан, же өнүгүүгө дайыма эле мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Аларда глобалдык көз караш жок. Ошондуктан азыр ротация жүргүзүлгөнү туура. Бул тармактагы коррупция азаят. Алардын деңгээли ишинен көз каранды болот. Акимдер өлкө боюнча кандай көйгөйлөр бар экенин билип башташат. Ошондой эле бул аймактар үчүн чоң пайда алып келет. Жаңы келген адам ишинен майнап чыгарууга аракет кылат, себеби ал өз жеринде иштебей эле да», — деди Бердаков.
Эксперт Алибек Мукамбаев бул дүйнодөгү классикалык практика экенин жана анын негизги үч максаты бар экенин билдирди.
«Биринчиси, аймактык башкаруучуларды коррупциялык иштерге жетелеген байланыштардын жоктугу.
Экинчиси, адам бир кызматта көпкө отурса жыйынтык көрсөтө албайт, жаңы көз караш жок дегендей.
Үчүнчүсү, аткаминерлердин сапатын жогорулатуу. Байкаган болсоңор баарын алмаштырган жок, көпчүлүгү кадрлар резервинен келди», — деди Мукамбаев.
Эксперт аткаминерлер райондун, аймактын жана өлкөнүн өзгөчөлүгүн түшүнүүсү үчүн алардын кесипкөйлүгүн жогорулаткандан кийин гана борбордук аппаратка ишке алып келүү зарыл экенин белгиледи.
«Ар бир аймактын өзгөчөлүгүн жана көйгөйүн билген аткаминерлер башкаруу процессин көзөмөлдөөдө жакшы жыйынтык көрсөтүшөт. Бул аткаминерлердин сапатын жакшыртуудагы классикалык практика», — деди ал.
Жергиликтүү өз алдынча башкару союзунун төрагасынын орун басары Бектурган Орозбаев да өз пикирин билдирди.
«Мен акимдерди ротациялоо демилгесин колойм. Биринчиден, акыркы убакта аймактык органдардын жетекчилери болуп ошол эле райондон же аймактан чыккан адамдар дайындалып жатат. Бул эффективдүү башкарууга тоскоол болот, ал менталитетке байланышкан. Мындай тажрыйба, мамлекеттик кызматкерлер башка региондорго келгенде, пландарды жана реформаларды жүзөгө ашырууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Көнүп кетүүдө бир аз кыйынчылыктар болушу мүмкүн, бирок бул чоң тажрыйба. Акыркы убакта аймактарга бөлүнүү күч алганын байкап жүрөбүз. Адамдардын ой жүгүртүүсү тар. Жетекчини алмаштыруу мындан арылууга жардам берип, башка райондордун адамдарынын жашоосун билүүгө шарт түзөт. Муну өлкөнүн бардык аймактарында колдонсо болот»,— деди Орозбаев.
Ишке ашкан долбоорлордон ал Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы республиканын түштүгүндө кандай иштегенин мисал келтирди.
«Мен жакында эле айыл өкмөтү менен сүйлөштүм, ал мыкты менеджер экен. Ал Ысык-Көлдөн болот жана көп инвестиция тартууга жетишкен. Андан соң аны түштүктөгү Ноокат районуна которушкан, ал жактан ал инвестиция тартып, өз тажрыйбасын башка райондо да көрсөтө алды. Ал түштүктөгү адамдар кандай жашай турганын билбегендини мойнуна алды, ага мындай практика жаккан жана өзү дагы көп жаңы нерселерди үйрөнгөнүн белгиледи. Бул ал үчүн дагы, башкалар үчүн дагы мыкты тажрыйба болгонун айтты. Эми ал Ысык-Көлдө алган тажрыйбасын колдонууну көздөп жатыптыр», — деп кошумчалады эксперт.
Ошондой эле ал өз алдынча башкаруу органдарынын өз алдынчалыгын күчөтүү зарылчылыгын белгиледи. Орозбаев реформа мыкты болушу үчүн өнөктөштүк мамиле болушу керектигин билдирди. Анын айтымында, көпчүлүк дагы деле эскиче ойлонот. «Учурда биз мындан алыс кеткенбиз. Ар биринин өзүнүн бюджети, кадры жана финансысы болушу керек. Бул ишти аягына чыгаруу кажет», -деди эксперт.
Дагы бир аналитик Адилет Маматов башкаруучулук тажрыйбаны алмаштыруу бул жаңы идеялардын пайда болуусуна түрткү берет деген пикирде. Бул тууралуу ал 24.kg. агенттигине билдирген.
«Кыргызстанда акимдерди ротациялоо жаңы принцип менен ишке ашырылды. Президент кол койгон жарлыкта ротациялоо кызыкчылыктардын кагылышын, коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, жергиликтүү администрация башчыларынын ишинде бейтараптыкты камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөнү жазылган. Ошондуктан түндүк облустарда иштеген кадрлар түштүккө жана тескерисинче алмаштырылган», — деди ал. Аналитиктин айтымына, заманбап дүйнөдө менеджердик тажрыйба жана административдик билим экономикалык натыйжалуулукка жетүү үчүн негиз болуп саналат, анткени ресурстардын, капиталдын жана өндүрүштүк кубаттуулуктун болушу атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштү кепилдей албайт, эгерде базалык билим жок болсо — экономикалык ишти ийгиликтүү уюштуруу үчүн атайын билим керек.
«Өткөн кылымда Япония жери жана жаратылыш ресурстары чектелүү өлкө экенине карабастан алдыңкы тажрыйбаны жана билимди натыйжалуу пайдалануу менен дүйнөдөгү экономикасы күчтүү экинчи өлкөгө айлана алды. Мунай жана жаратылыш ресурстары жок, ар тарабынан достук мамилеси жок мамлекеттердин курчоосунда турган Израиль дагы адам ресурстарын билгичтик менен пайдалангандыктан, күчтүү регионалдык державага айланды. Адамзаттын тажрыйбасы жана билими XXI кылымдын эң баалуу экономикалык ресурсу», — деди Адилет Маматов.
Ал район акимдерин ротациялоо бул адамдарды гана эмес, биринчи кезекте, менеджердик тажрыйбанын жана административдик билимдин алмашуусу деп эсептейт.
«Биздин көп улуттуу өлкөбүздө бардык аймактар өзүнчө уникалдуу, ар бир аймактын башкалардан айырмаланып турган өзгөчөлүгү бар. Уникалдуу шарттар кайталангыс тажрыйбаны жана билимди жаратат, алар жайылтылганда коомдун өнүгүшүнө түрткү берет. Анткени, экономикалык ресурстардын кыймылы экономикалык өндүрүштүн бир түрү экендиги эч кимге жашыруун эмес. Акимчиликтердин деңгээлинде тажрыйба жана билим алмашуу региондордун экономикалык ишинде жаңы идеяларды жаратуу үчүн зарыл потенциалды жана республикада прогрессивдүү экономикалык парадигманы калыптандыруу шарттарын түзөт», — деп сөзүн жыйынтыктады Маматов.