Президент ЖЕЭКтин видеоконференция форматында өткөн кезектеги жыйынына катышты

Окуялар тизмеги 21 Май 2021 19:22
0 ой-пикир

Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматында өткөн кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин төрагалыгы астында, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын премьер-Министринин милдетин аткаруучу Никол Пашиняндын катышусу менен өттү.

Жыйынга Казакстан Республикасынын туңгүч президенти Нурсултан Назарбаев ЖЕЭКтин Ардактуу төрагасы катары, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев жана Куба Республикасынын президенти Мигель Диас-Карнель Бермудес байкоочу өлкө лидерлери катары катышышты.

Жыйында евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, Бирликтин эл аралык иш-аракеттеринин 2021-жылга карата негизги багыттары жана башка актуалдуу маселелер каралды.

ЖЕЭКтин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында Бирликтин алкагында экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө жана интеграцияны мындан ары кеңейтүүгө багытталган бир катар чечимдер жана документтер кабыл алынды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.