11 күнгө созулган Израил менен ХАМАС согушкерлеринин ок атышууну токтошуна байланыштуу миңдеген палестиндиктер көчөгө жеңишти майрамдоо үчүн чыгышты. Алар Палестинанын жана ХАМАС тобунун желектерин көтөрүп, таттуу таратып, асманга фейерверктерди аттырышты.
Израил дагы ХАМАСка олуттуу соккуу урганын билдиргени менен өкмөт башчы Биньямин Нетаньяху «согушту эрте токтотуп койгону үчүн» оңчулдардын сынына кабылды.
Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден бул макулдашууну кубаттады.
Куралдуу кагылыш 10-майда башталган. Буга жөөттөр да, мусулмандар да ыйык деп эсептелген жайдагы жаңжал түрткү болгон. Газанын медиктери билдиргендей, Израилдин соккуларынан жалпы 232 адам набыт кетти, алардын арасында балдар жана аялдар көп.
Учурда Израилде тынчтык режими орнотулду, эч кандай ок атышуу болгон жок.