Улуттук банк “Кумтөр” ишканасынан иштелип чыккан бардык алтынды сатып алат

Окуялар тизмеги 20 Май 2021 12:23
0 ой-пикир

Бул тууралуу маалымат жыйында “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк билдирди.

Анын айтымында, учурда “Кумтөр” компаниясынын бардык эсептери тоңдурулган жана алар Кыргызстандын чегинен тышкары жайгашкан. Ал эми жергиликтүү банктардагы эсептердеги каражат жумушка жетпейт.

Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдүн” бардык алтындарын сатып алуу үчүн Ууттук банк, “Кумтөр Голд Компани” жана “Кыргызалтындын” ортосунда үч тараптуу келишим түзүлүп жаткандыгын маалымдады.

“Улуттук банкта алтынды сатып алууга бир жылдык каражаты бар”, — дейт ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.