«Бизди атып жатышса, карап отура бербейбиз»: чек арага жакын тургундарды чек араны коргоого тартуу жана курал колдонуу укугун берүү сунушталууда

Окуялар тизмеги 19 Май 2021 19:53
0 ой-пикир

«КР Чек ара ыйгарым мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамынын долбоору 2021-жылдын 19-майынан тарта коомдук талкууга коюлат.

Демилгечилер: Жогорку Кеңештин депутаттары А.Нурбаев, И.Пирматов, Ж.Акаев, М.Жээнчороев, А.Сулайманов, К.Орозова, У.Садиков.

Документке ылайык, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана коргоого, чек ара көзөмөлүн жүргүзүүгө көмөктөшүүгө, өлкөнүн эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө кол салуулардын алдын алуу жана болтурбоо үчүн чек ара ыйгарым укуктууларына кошумча укуктарды жана кепилдиктерди берүү максатында иштелип чыккан.

“КР мыйзамы 2015-жылдын 3-мартында кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын чек арасын коргоого, аймактык бүтүндүгүн камсыздоого чек ара аймактарында жашаган жарандарды тартуу максатын көздөгөн. Аталган мыйзамга ылайык чек ара ыйгарым укуктуулары маалымат берүү жагынан чек ара кызматына көмөктөшүп келген. Бүгүнкү күндө республика боюнча 140 чек ара ыйгарым укуктуулары кызмат кылып, 5 жыл аралыгында жаракат алгандар же жабыркагандар болгон эмес.

Сунушталып жаткан долбоор аркылуу чек ара ыйгарым укуктууларынын укуктарын кеңейтүү,анын ичинде жылына эки жолудан аз эмес окуудан жана аскердик даярдыктан өткөрүү, ок атуучу курал колдонуу укугун берүү,алардын өмүрүн жана саламаттыгын аскер кызматчыларынын даражасында мамлекеттик камсыздандырууга кепилдик берүү милдеттери каралат.

Кыргыз Республикасынын аймагында жергиликтүү аймактарды жакшы билген тургундарды тартууга муктаждык чоң экендиги чек ара аймактарында орун алган акыркы окуяларда билинди. 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги Тажикстандын ачык агрессиялык актыга айланган аракеттеринин натыйжасында 36 жараныбыз каза болуп, эки жүздөн ашык жараныбыз жаракат алган. Кыргызстандык миңдеген жарандар өзүнүн туруктуу жашаган жайларын таштап кетүүгө мажбур болуп, жүздөгөн үйлөр жана курулуштар өрттөлүп, бузулган. Мындан тышкары, социалдык объектилер: бала бакчалар, мектептер, медициналык пункттар, өрттөн сактоочу кызмат бөлүктөрү, азык-түлүк дүкөндөрү жана май куюучу станциялар, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын чек ара заставасы бузулуп, өрттөлүп өлкөбүз көптөгөн чыгымдарга дуушар болду.

Ушуга байланыштуу, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн, жарандарыбыздын коопсуздугун коргоо, алардын мүлкүн жана башка жашоого керектүү социалдык объектилерин сактоо боюнча чек арачылардын милдеттерин так аткарууга чек ара ыйгарым укуктуулары көмөктөшөт жана жардамчы болот. Мыйзам долбоорунда каралган шарттар алардын өмүрүн жана саламаттыгына кепилдик берет.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.