Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилген 4 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзамсыз берилген жердин суммасы 98 млн 160 000 сомду түзөт.
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Жалал-Абад шаардык мамлекеттик акимдигинин (азыркы мэрия) 1996-жылдын 22-августундагы мыйзамсыз буйругу менен аталган шаардан 4 гектар болгон жер аянтын «А.» аталышындагы ишкерлер ассоциациясына менчик катары автосервис куруу үчүн берилип кеткендиги текшерүүнүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн буйрукту жараксыз деп табуу жөнүндөгү шаардык прокуратуранын доо арызы бардык соттук инстанциялар тарабынан канааттандырылган.
Сүрөт интернеттен алынды