Садыр Жапаров Россияга барат. Ал аралыктан иштей турган болду

Окуялар тизмеги 18 Май 2021 10:29
0 ой-пикир

Президент Садыр Жапаров мурда пландаштырылган эл аралык иш-чараларга байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо максатында, убактылуу аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

«Өлкөдө болуп жаткан бардык окуялар, анын ичинде социалдык-экономикалык маселелер дайыма мамлекет башчысынын көзөмөлүндө», — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин май айынын аягында Садыр Жапаровдун Москвага бара тургандыгы маалымдалган болчу.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.