Экс-президент: «Кумтөр» боюнча эң одоно мыйзам бузуунун башында Акылбек Жапаров турат

Окуялар тизмеги 18 Май 2021 16:19
0 ой-пикир

Аскар Акаев Центерра голд арбитраждык сотко 2009-жылдагы келишимдин негизинде бергенин белгиледи. Ал маалымдагандай, 2009-жылдагы  келишимде К.Бакиев менен А.Жапаров чет элдик компанияга көп преференция берген.  Эң одоно мыйзам бузуунун башында Акылбек Жапаров тураганын Аскар Акаев билдирди:

Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк компаниялар биздин экологияны сактоого көңул буруш керек. Зыян келтирсе зыянды төлөп бериш керек. Жогорку Кеңештин негизги максаты туура.  Бирок, айрым депутаттар айтып жаткандай негизги максатка саясий маселени аралыштырып жаткандары чын. Саясий оюндар негизги максатка жетүүгө чөн тоскоол болот. Кумтөр боюнча маселе 2009-жылдагы келишимге барып такалат. Бирок Акылбек Жапаров 2003-жылдагы Акаевдин келишимине басым коюп жатат.  Себеби, 2009-жылдагы келишимди дал ушул Акылбек Жапаров түзгөн. Анын кеңеши менен Курманбек Бакиев Жогорку Кеңеште мыйзам катары бекитип берген. Бүгүнкү күндө Центерра голд ушул 2009-жылдагы келишимдин негизинде арбитраждык сотко беребиз деп жатышат. Анкени Бакиев менен Акылбек Жапаров ушул келишимде эң чон преференция берип коюшкан. Ал өз күнөөсүн жабыш үчүн 2003-жылдагы келишимге басым жасап атат.Акылбек Жапаров Кумтөр боюнча бардык комиссияда иштеп келген адис. Ал 2003-жылдагы комиссияда  да негизги мүчө болгон Канаданын Торронто шаарына чейин барып сыйын көрүп мактап келип, 2003-жылкы келишимди колдогон жана бир дагы кемчилигин айткан эмес— дейт Акаев.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.