Ысык-Көлдө өткөн эл аралык марафонго ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери дагы катышты

Окуялар тизмеги 17 Май 2021 19:36
0 ой-пикир

2021-жылдын 15-майында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долонту айылындагы ипподромдо «Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» эл аралык марафонго 35 мамлекеттин спортчулары катышкан. Бул марафонго Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери дагы катышып келишти. Алсак, милициянын прапощиги Нагызбек Карбозов 35-40 курактагылар арасындагы категорияда жана милициянын подполковниги Максат Тажиев 40-45 курактагылар арасындагы категория боюнча атаандаштарынын арасынан 3-орунду ээлешип коло медалдар менен сыйланышты. Ал эми милициянын подполковниги Таалайбек Алымкулов 45-50 курактагылар арасындагы категориялык атаандаштарынын арасынан он үчүнчү болуп келген.

ИИМдин ККнын Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.