Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Окуялар тизмеги 13 Май 2021 16:43
0 ой-пикир

Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү, — деп президенттин басма сөз кызматы.

Эки өлкөнүн лидерлери Орозо айт майрамына байланыштуу жылуу куттуктоолорун айтышып, бири-бирине чың ден соолук, мамлекеттик ишмердиктерине ийгиликтерди, эки өлкөнүн элдерине бакубатчылык жана өнүгүү каалашты.

Эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыктын башка маселелери менен катар Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялар талкууланды.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге ошол кездеги кырдаалга жеке өзү көңүл буруп, Кыргызстан элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы калган тилкелерди мыйзамдаштыруу маселелерин, суу-энергетика жана инвестиция жаатында кызматташуу келечегин талкуулашты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.