Руслан Казакбаев Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен сүйлөштү

Окуялар тизмеги 12 Май 2021 09:40
0 ой-пикир

2021-жылдын, 11-майында Кытайдын Сиань шаарында «Борбордук Азия – Кытай» тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун механизминин экинчи кеңешмесинин алдында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Бул туралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары эки мамлекеттин аймактарын жана чек араларын өз ара урматтап, буга чейин жетишилген бардык макулдашууларды жана мурда кол коюлган протоколдорду бекем сактоону жактай тургандарын билдиришти, ошондой эле чек ара аймактарында тынчтыкты, туруктуулукту сактоого багытталган мындан аркы биргелешкен иш-аракеттерди белгилешти.

Министрлер кыргыз-тажик мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты жана жакынкы келечекте боло турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.