Садыр Жапаров 12 жаштагы Адил Абдурахимов менен жолугуп, белегин берди

Окуялар тизмеги 10 Май 2021 14:38
0 ой-пикир

Март айында Тажик тараптын агресивдүү кол салуусунан саналуу күн мурун чек арада жашоо коркунучтуу болуп жатканын айткан Адил Садыр Жапаров менен жолуга турганы кабарланган.

Баткендин Көк-Таш айылында жашаган 12 жаштагы Адил Абдурахимов чек арадагы көйгөйлөргө токтолуп, президентке кайрылган. Мындан тышкары ал дээрлик эки апта мурда болгон чек ара жаңжалынын күбөсү. Бала атасы да чек аранын айынан Россияда убактылуу кармоочу жайда отурганын айтып, президенттен жардам сураган эле.

Бул кайрылуудан кийин президент Садыр Жапаров Адил Абдурахимовду жолугушуу үчүн чакырды. Алар бүгүн, 10-майда резиденцияда жолугуп сүйлөшүштү.

Ага президент уюлдук телефон белек кылды.

Президент кичинекей коногун жылуу тосуп алып, маселесин чечип берүүнү убадалаган.

Президент Адилдин атасынын маселеси Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө экенин айтып, жакынкы аралыкта аны чечип берүүнү убадалады.

Бүгүнкү күндө Эсен Мажитов Орусияда кармалып, камакта жатат. Буга чейин тажик тарап Эсен Мажитовго кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган. Адил Абдурахимов дал ошол камакта жаткан Эсен Мажитовдун тун уулу.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.