Ысык-Көл ОИИБдин демилгеси менен жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине тренинг өтүүдө

Окуялар тизмеги 07 Май 2021 11:47
0 ой-пикир

3-майдан баштап, Каракол шаарында аймактын милициясынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрүнө: «Учурдун талаптарын эске алуу менен ЖӨИнин кызматкерлеринин компетенттүүлүгүн өркүндөтүү» аталышындагы тренингдин 2-этабы башталды.
10-майга чейин өтүүчү тренингдин ишинде, жеке эле жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү эмес, шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери да катышууда.
Ысык-Көл ОИИБден белгилегендей, аталган тренингдин максаты ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилигинин жана кызматкерлердин практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү, жаш өспүрүмдөр менен өз ара аракеттенүү, укук бузуулардын натыйжалуу алдын алуу максатында чыр-чатактарды жөнгө салуу инструменттерин өздөштүрүү болуп саналат. Тренингде презентация, мини-лекциялар, коомдук анализ, таанып билүү көнүгүүлөрү, оюн техникалары, ой чабуул, интерактивдүү сабак, сурамжылоо, пикир жана талкуу сыяктуу окутуу түрлөрү колдонулууда.
Тренингдин машыктыруучусу, «Балдар укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекованын айтымында, бүгүнкү күндө, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрүндө жаңы көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаңы билимдерди жана мамилелерди талап кылган билимдерди өздөштүрүү керек.


«Алардын ишине жардам бере турган жолдор бар. Бул тренинг аларга балдар менен жакындашууга өбөлгө түзгөн билимди алууга, өзүнө ишенимди арттырууга жана көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө мүмкүндүк берет. ЖӨИнин кызматкерлери балдарды боюнча медиациянын ыкмалары менен элдештирүү жолдоруна үйрөтө алышат. Эгерде балдар муну жакшы өздөштүрсө, анда алар өзүлөрү бир катар көйгөйлөрдү чече алышат», — дейт фондун жетекчиси.
Иш-чара Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси жана Кыргыз Республикасында Укуктун үстөмдүгү программасынын 2-фазасынын алкагында Людвиг Больцман адам Укуктары Институтунун колдоосудагы «Балдардын Укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун менен биргеликте өткөрүлүүдө.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.