Сот «Клооп Медиа» коомдук фондунун БШК үстүнөн жазган арызын канаттандырган жок

Окуялар тизмеги 07 Май 2021 13:40
0 ой-пикир

Бишкек шаардык административдик соту «Клооп Медиа» коомдук фондунун Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) үстүнөн жазган арызын канаттандырган жок. Отурум 6-майда болду. «Клооп» басылмасы эми жогорку инстанцияга арыз жазыларын билдирди.

Аталган уюм 11-апрелдеги референдумга жана жергиликтүү кеңештерди шайлоого мониторинг жасап, катталган мыйзам бузууларды тизмектеп БШКнын үстүнөн сотко арыз жазган.

Арызда көрсөтүлгөндөй, «Клооп Медианын» байкоочулары 3 миңге чукул эреже бузууну катташкан. Мыйзамга каршы аракеттер добуш берүү учурунда жана добушканалар жабылгандан кийин да болгону белгиленген. Бирок БШКдан буга байланыштуу түшүндүрмө ала алышкан эмес.

«Клооп Медиа» шайлоолорго мониторинг жүргүзүү аракетин БШКны көз карандасыз орган болушуна көмөктөшүү деп сыпаттап келатат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.