Президенттин администрациясы түзүлдү

Окуялар тизмеги 07 Май 2021 15:48
0 ой-пикир

Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде президент менен өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясы түзүлдү.

Ошондой эле, мамлекет башчысынын жарлыктары менен:

— Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Сатыев Медербек Асанбекович — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Зулпиев Бектур Рысбаевич — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Асанкулов Жеңишбек Асанкулович — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.