Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түшүндүрмө

Окуялар тизмеги 07 Май 2021 11:25
0 ой-пикир

2021-жылдын 1-майындагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын № 39 Протоколунун экинчи жана үчүнчү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүдөй түшүндүрмө берет.

1924-1927-жылкы улуттук-аймактык чектеп бөлүү жана 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтери жана материалдары Лейлек районунун аймагында жайгашкан №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейинки тилкесин жана Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын аймагында жайгашкан № 135 чек ара чекитинен № 141 чек ара чекитине чейинки тилкесин гана жазууга пайдаланылат.

Капчыгай (Танги) калктуу пунктунун чыгыш тарабынан айланма «Ходжаи Аъло – Ворух» автомобиль жолу Баткен районунун факт жүзүндө пайдаланылуучу жерлеринде биргеликте курулат.

Аталган автожолдун курулушу жана ишке берилиши эки өлкө ортосундагы өз алдынча мамлекеттер аралык келишимге кол коюлган соң гана ишке ашырылат.

Буга катар аталган келишимге кол коюлганга чейин тараптар Ворух тилкесиндеги кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын жазууга киришүүнү макулдашты.

Ошол эле учурда автожолдун курулушу Баткен районунун аймагы боюнча тажик тарапка коридор берүүнү түшүндүрбөйт.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.