ИИМдин Криминалдык милиция кызматы унааларды уурдоого каршы күрөшүүнү өркүндөтүү боюнча тегерек стол өткөрдү

Окуялар тизмеги 07 Май 2021 17:34
0 ой-пикир

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы “Унаалардын уурдалышына каршы күрөштү өркүндөтүү, алардын изделишин камсыз кылуу жана ээлерине кайтарып берүү” аталышындагы тегерек стол уюштурду.
28-апрелде тегерек столдун ишине Юстиция министрлигине караштуу МКК «Унаа» мамлекеттик ишканасынын кызматынын, УКМКнын Чек ара кызматынын, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Экономика жана финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын ИИББнын Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдун модератору катары ИИМдин Криминалдык милиция кызматынан юридикалык илимдеринин кандидаты, милициянын подполковниги Айбек Парманасов болду.
Катышуучулар ортосунда транспорт каражаттарын уурдоо менен күрөшүү жаатында орун алган көйгөйлөрдү талкуулашып, көйгөйлүү маселелерди конкреттүү аныктоо жана бул маселеге байланыштуу бардык структуралардын өз ара аракеттенүүсү боюнча позицияларды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык топторду түзүү зарылдыгын белгилешти.
Тегерек столдун катышуучулары өз компетенцияларынын чегинде иштөө ыкмаларын пикир алмашуу, талкулоо формасында айтып беришти. Кыргыз Республикасынын аймагынан транспорттук каражаттарды каттоо, каттоодон чыгаруу, издөө, алып кирүү жана алып чыгуу чөйрөсүндөгү сунуштар жана пикирлер берилди.
Тегерек стол жогорку деңгээлде жана иштиктүү маанайда өттү. Бул жолугушуу тажрыйба алмашуу жана транспорт каражаттарын уурдоого байланышкан кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү азыркы учурдагы көйгөйлөргө бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн ыңгайлуу аянтча болуп калды. Катышуучулар өзүлөрүнүн көз караштарын айтып чыгышты.
Тегерек столдун жыйынтыгында кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кылмыш-процессуалдык жана криминалисттик чараларды өркүндөтүү, ошондой эле мүлктүк кылмыштардын алдын алуу, ачуу жана ачыкка чыгаруу боюнча рационалдуу сунуштар иштелип чыкты.
Ошентип, автоунаалардын уурдалышын алдын алуу, аныктоо жана ачыкка чыгаруу, аткезчилик жолу менен ташылып келген автоунааларды аныктоо максатында бир катар зарыл чараларды кабыл алуу боюнча сунуштар берилди. Натыйжалуу чараларды көрүү үчүн ведомстволор аралык түзүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңетүүнү боюнча бир катар сунуштар берилди.

ИИМ Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.