ИИМ: Чек арадагы абал менен жарандардын коопсуздугу милициянын толук көзөмөлүндө

Окуялар тизмеги 07 Май 2021 10:15
0 ой-пикир

2021-жылдын 7-майына карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек арага чектеш айылдар милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө. Коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча уюштуруучулук иштерге өзгөчө көңүл бурулууда. Чек ара тилкелеринде милиция жана ички аскерлердин аскер кызматчылары, башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коопсуздук чараларын күчөтүп, жергиликтүү тургундарга ар кандай укук бузууларга жол берөө керектигин түшүндүрүүдө.
Андан сырткары, милиция кызматкерлери менен ички аскерлердин аскер кызматчылары күнү-түнү кызмат өтөп, кырдаалды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Азыркы учурда чек арадагы абал тынч.
ИИОнун кызматкерлери жана ички аскерлердин аскер кызматчылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартип менен коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууда.


ИИМдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.