Болотбек уулу Урмат: Күзөт кызматын мындан да бийик баскычтарга көтөрүп, дагы чоң-чоң ийгиликтерди багынтам

Окуялар тизмеги 07 Май 2021 13:27
0 ой-пикир
     Милициянын лейтенанты Болотбек уулу Урмат Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн взвод командири болуп кызмат кылат. Ал Талас  облусунун Талас шаарында туулган. Кесиптешим ата-энесин аябай жакшы көрөөрүн жана алардын ар бир акыл-кеңешин эске алып, ушул даражага жетүүсүнө  себепкер инсандар экендигин айтып, “Атам Болотбек Назаркулов кесиби мугалим болчу, көзү өтүп кеткен. Апам Кенжекан Изалиева мектепте мугалим болуп  көп жылдыр бою эмгектенип, азыркы учурда  ардактуу эс алууда. Эки бир туугандын улуусумун, 1 иним бар.  Үй-бүлөлүмүн, бир уулум, бир кызым бар.  Жубайым Мунара Асанова жеке ишкер”,- деди ал. 

Бала чагынан эле форма кийген адамдарды көргөндө суктануу менен карап, бойго жеткенде ушундай форма кийип, элимдин тынчтыгын, коопсуздугун сактап элиме кызмат кылам деп кыялданчу. Ошентип бала кезиндеги кыялы ишке ашып, 2015-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн милиционери болуп баштаган. Эмгек жолунда эсте калган окуялардан 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы, 2020-жылдагы 5-октябрь окуялары эсимде калды. Анткени Күзөт кызматынын эң негизги милдети болуп мамлекеттик мүлктү, өзгөчө-маанилүү, стратегиялык мекемелер, жарандардын турак-жайлары жана жеке менчик ишканалар. Ошол оор кырдаалдарда күзөт кызматкерлери өзүлөрүнө жүктөлгөн милдеттерин так аткарып, талап-тоноочулуктан жогурада аталган мамлекеттин жана жарандардын мүлктөрүн коргоп келди. Бишкек шаардык Биринчи май райондук күзөт бөлүмүндө ыкчам аракет тобунда иштеп жүргөн кезде бир окуяны айтып берейин. 2017-жылдын жай мезгили болчу. Күндөгүдөй эле кызматта болчубуз. Түшкү саат 14:00 чамаларында Горький жана Тыныстанова көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан интернет-клуб кафесинен өрт чыгып жатканын көрүп калдык. Ошол замат бөлүмдүн нөөмөт бөлүмүнө билдирип, күйүп жаткан интернет–клубтагы жарандарды коопсуздугун ойлоп коопсуз жерге чыгарууга аракет кылдык. Ошол замат милициянын прапорщиги А.Бейшекеев интернет клубтун артын карап келүүгө буйрук берди. Интернет-клубтун артына өтсөм экинчи кабатынан жардам сурап үндөр чыга баштады, ошол убакта өрт өчүрүүчүлөрдү артына чакырып, терезенин темир торчолорун сындырып ичиндеги эки жарандарды куткарып калдык.
Урмат мырза өзүнүн кесибин сүйгөн кызматкер. Өзү жаш болсо да көптөгөн сыйлыктарды алууга жетишкен. “Милиция кызматында алган сыйлыктарым Кыргыз Республикасынын ИИМнен “Ыраазычылык каты”, ИИМдин ККнын “Ардак грамотасы”, Биринчи май күзөт бөлүмүнөн “Алкыш” баракчасы, Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын жетекчисинен “Ардак грамотасы”, Бишкек ш. ИИББнын “Ардак грамотасы”, 2020-жылдын жыйынтыгы менен Бишкек ш. Биринчи май күзөт бөлүмүнүн милиция батальонунун мыкты взвод башчысы, ИИМдин ККнын түзүм бөлүмдөрдүн арасынан 2020-жылдын жыйынтыгы менен мыкты взвод башчысы, ИИМдин Күзөт кызматынын мыкты кызматкери болуп ички иштер министиринин атынан кол саат менен сыйлангам.


Азыркы техникалык каражаттардын тез өсүү заманында, жеке күзөт агентстволору менен атаандаштык кылып иштөөгө туура келип жатат. Күзөт кызматы да артта калбай техникалык каражаттар менен кайтарылган мекемелерге жана жарандардын турак-жайларына Европа, Россия жана Кытай мамлекеттеринин заманбап техникалары менен жабдуулап, кайтаруудабыз. Келечекте ушул Күзөт кызматын мындан да бийик баскычтарга көтөрүп, дагы чоң-чоң ийгиликтерди багынтуу максатым бар”- деп баса белгиледи.

ИИМнин ККнын Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.