Интернеттен Баткен окуялардан жабыр таркан кичинекей тургундарынын жашоосун чагылдырган видео чыкты. Анда талкаланган мектеп, тажиктер тарабынан окко учкан Мадина, «Баткенге жардам» кайрымдуулук иш-аракеттери берилет. Тасма Кыргызстанда биримдикти, ынтымакты, мекенди коргоону, башка улуттарга агрессияны болтурбоо максаты менен тартылган. Клипте жаш балдар кыргыз желегин алып, мындан ары мындай согуш болбосун деген ой-тилек менен тартылган.
Сүрөт, видео интернеттен алынды