Жалал-Абад облусунун аймагында алдамчылыкка шектелген жаран шаардан кармалды

Окуялар тизмеги 06 Май 2021 13:05
0 ой-пикир

Жалал-Абад облусунун аймагында алдамчылыкка шектелген жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2020-жылдын ноябрь айында Кара-Көл ШИИБине жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 19-октябрында Алтын деген жаран арыз ээсинин Мерседец-Бенц 814 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын 550 миң сомго сатып алып, анын 100 миң сом накталай акчасын берип, калган 450 миң сомун бир айдын ичинде төлөп кутулам деп тил кат жазып берген бойдон ушул күнгө чейин дайынсыз болуп качып жүргөндүгүн жазган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене «алдамчылык» менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

«Тергөө учурунда шектүү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1980-жылы туулган тургуну экендиги аныкталган. Бирок ал жүргөн жерин жашырып, тергөөгө келбей качып жүргөндүктөн, тергөө кызматы тарабынан шектүүгө карата издөө жарыяланган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында, 2021-жылдын 26-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагынан качып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда шектүүнүн мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Эгерде бул сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот: 03746 102, 0778 01 20 01, 0559 70 06 09.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.