Ага ылайык, күзөтчүлөр журналисттерге, жайкын тургундарга президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушууларын сүрөт-видеого тарттырбай жатат жана тартылган сүрөттөрдү өчүртүп салышты.
Президенттин басма сөз кызматы буга байланыштуу азырынча түшүндүрмө бере элек.
Жапаров Максат айылындагы чек ара чырында өрттөлгөн мектептин жанында тургундар менен жолукту. Андан ары Кулунду, Интернационал айылдарына барары айтылды.
Жапаров 6-майда Баткенде иш сапар менен жүрөт.