“Умай эне” культун калыбына келтирип, күчтүү муундун пайдубалын түптөө керек, — президент

Окуялар тизмеги 05 Май 2021 12:22
0 ой-пикир

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, өлкө элине кайрылуу жасап жатып өлкөдөгү аялдардын өзгөчө ролун баса белгиледи. Анын айтымында, заманбап билим берүү жана балдарды кароо системалары аялдарды үй иштеринен бошотот.

“Бирок аялзатынын эң маанилүү функциясын, көзгө көрүнбөгөн ишин эч ким алмаштыра албайт. Биз баалуулуктарды жараткан институт катары аялдардын коомдогу ролун жаңыртып, күчөтүшүбүз керек.

“Умай эне” культун калыбына келтирип, күчтүү муундун пайдубалын түптөө керек.

Ошол себептен эне жана баланы камкордукка алуу, колдоо жана коргоо багытында улуттук программаны жана долбоорлорду тез арада ишке киргизүүнү тапшырам”, — деди ал.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.