Садыр Жапаров: «жарандарды арзан турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири»

Окуялар тизмеги 05 Май 2021 16:02
0 ой-пикир

Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, өлкө элине кайрылуу жасап жатып Турак жай боюнча жаңы мамлекеттик программанын долбоору иштелип чыккандыгын билдирди.

Анын айтымында, жаңы программанын максаты — кыймылсыз мүлккө болгон бааны төмөндөтүү, анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, өлкөнүн бардык аймактарында арзан турак-жай курулушунун көлөмүн көбөйтүү.

“Анализге ылайык, жакынкы алты жылда 800 миң чарчы метр турак-жайдын курулушун каржылоо үчүн мамлекеттик турак-жай фондун каржылоого 30 миллиард сом тартылат”, — деди Жапаров.

Мамлекет башчы белгилегендей,өлкө жарандарын арзан турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болуп саналат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.