Министрлер кабинети бекиди

Окуялар тизмеги 05 Май 2021 23:01
0 ой-пикир

Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституциянын жоболоруна ылайык “Министрлер кабинети жөнүндөгү» жарлыкка кол койду. Министрлер кабинетинин төрагасы болуп буга чейинки премьер-министр Улукбек Марипов, төраганын орун басары кызматына ушул кезге чейин вице-премьер-министр болуп турган Артем Новиков дайындалды.

Министрлер кабинетинин түзүмү төмөнкүдөй:

Ушул кезге чейин вице-премьер-министр болуп турган Улукбек Кармышаков министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри болуп дайындалды.

Буга чейин байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилигин ээлеп турган Азамат Дыйканбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болду.

Былтыркы октябрь окуяларынан кийин КТРКны кыска убакытка убактылуу жетектеген Жылдыз Бакашова да министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп калды.

Коргоо министри Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович;

Тышкы иштер министри Казакбаев Руслан Айтбаевич;

Юстиция министри Чынбаева Асел Рыспековна;

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович;

Билим берүү жана илим министри Купешев Болотбек Душекович;

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрт Иманалиев Кайрат Олжобаевич;

Өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеев Бообек Эргешевич;

Ички иштер министри Ниязбеков Улан Омоканович;

Транспорт жана коммуникациялар министри Абдралиева Гүлмира Курманбековна;

Энергетика жана өнөр жай министри Турдубаев Кубанычбек Апышевич;

Айыл, токой жана суу чарба министри Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович;

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министри Шыкмаматов Алмамбет Насырканович;

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Кутманова Динара Асиевна;

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич болуп дайындалды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.