Эркек киши үйүндө ок-дарыларды сактап жүргөн

Окуялар тизмеги 04 Май 2021 16:37
0 ой-пикир

Аламүдүндө ок-дары жана баңги затын мыйзамсыз сактоого шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Буга чейин Аламүдун РИИБнин кызматкерлерине бир эркек киши үйүндө ок-дарыларды сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалыматты текшерүү иштерин жүргүзүү учурунда Аламүдүн районундагы айылдардын бириндеги кароосуз калган үйдө жашаган эркек киши аныкталаган. Териштирүү учурунда ал буга чейин бир нече жолу соттолгон 47 жаштагы Б.З. аттуу жаран экендиги такталган. Аны кароо учурунда жанынан желим баштыкчага оролгон өңү кочкул жашыл түстөгү зат табылып, жүргүзүлгөн эксперизанын негизинде баңги заты экендиги аныкталып, жалпы салмага 69,38 граммды түзгөн. Андан сырткары 5,45 мм калибрдеги жана 12 мм калибрдеги ок-дарылар табылган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталган.

Алынган бардык далил буюмдарга экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.