Ысык-Көлдө мал уурулуктун алдын алуу иштери күчөтүлүүдө

Окуялар тизмеги 03 Май 2021 15:06
0 ой-пикир

Учурда, мал уурулук айыл тургундарынын эң курч көйгөйлөрүнүн бири бойдон калууда. Анткени, элеттиктерге мал-жандык күнүмдүк жашоонун эң маанилүү каражаттарынын бири болуп саналгандыктан, мал уурулуктун кесепетинен, турмуштун оор шарттарына батып калышы мүмкүн. Алып айтсак, Ысык-Көл облусунун аймагында 1 чейректе 107 мал уурулк фактысы катталып, анын 76 учуру милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында ачылган. Мал уурулуктун кесепетинен мал ээлерине 5 млн. 309 миӊ сом өлчөмүндө зыян келтирилсе, анын 3 млн. 653 миӊ сом өлчөмүндөгү уурдалган мал, милция кызматкерлери тарабынан ээлерине кайтарылып берилди.
Мал уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында Ысык-Көл облусунун аймагында облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Таалайбек Нурбаевдин жетекчилиги астында милиция кызматкерлери кылмыштын ушул түрүн азайтууга багытталган рейддерди өткөрүштү.


Өткөн жуманын де малыш күндөрү өткөрүлгөн рейдтик иш чаранын учурунда милициянын 8 посту уюштурулуп, анда кызмат өтөшкөн 40 милиция кызматкери, Каракол жана Токмок шаарларындагы мал базарларына 104 автоунаалар мал ташууга жана башка уруксат берилүүчү иш кагаздар текшерүүдөн өттү. Текшерүү учурунда, мал ташып бара жаткан 16 адамда тийиштүү уруксат кагаздары жанында жок болгондутан, алар жашаган жерлерине айтарылышып, ал жерден жеригилитүү бийлик органдарынан жана ветеринардык кызматтардан, чындап малдар аларга тийешелүү экендиги текшерилди.
Профилактикалык рейд учурунда, иш чарага тартылган милиция кызматкерлери мал базарлардын жана мал жандыктарынын ээлери менен кезигишип, малдардын тийиштүү кагаздарын текшерүүдөн өткөрүп турушун эскертишти.
«Жүргүзүлүп жаткан рейддик-профилактикалык иш-чаралардын аркасында мал уурулукка каршы күрөшүү жана анын алдын алуу чаралары көрүлүп жатат. Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери мал уурулукту алдын алууга жана азайтууга багытталган мындай ыкчам-профилактикалык иш-чараларды ар дайым өткөрүп турмакчы», — деп белгиледи Таалайбек Нурбаев.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.