Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовго көңүл айтты

Окуялар тизмеги 19 Апр 2021 15:24
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовго атасынын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты, — деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

«Атаңыз Мяликгулы Бердымухамедовичтин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана боордош Түркмөнстан элине көңүл айтуу менен орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм», — деп айтылат мамлекет башчысынын кайрылуусунда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.